00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Спички и Транспортир
18:06
42 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Кыргызстанда скульптуралардан турган композиция кургум келет
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Зимние истории: как появился Новый год
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кандай тамактар мээге зыян? Окумуштуулардын изилдөөсү

© AFP / FRED DUFOURТамак алып бараткан официант. Архив
Тамак алып бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперименттин катышуучулары зыяны бар деген азыктарды жеп жатканда ырахат алгандыгын жана андан баш тартуу кыйынга турарын жашырган эмес.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эл аралык окумуштуулардан турган топ көп өлчөмдөгү май жана углеводдорду камтыган даамдуу тамактар адамдын мээсине терс таасирин тийгизерин далилдешти. Мындай тамакты көп жеген учурда адам кадимки туура тамактанууга көнбөй кыйналат. Бул тууралуу MedicalXpress билдирди.

Кумшекер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты
Изилдөөнү АКШ, Улуу Британия жана Австралиянын окумуштуулары жүргүзгөн. Ага 20 жаштан жогору, экспериментке чейин туура тамактанган 110 ыктыярчы катышкан. Бир жума аралыгында ыктыярчылардын жарымын көндүм рациону боюнча гана тамактандырышкан. Калганына курамында май, углевод жана кант көп камтылган азыктар берилген. Жуманын аягында ар бир катышуучу тесттен өтүп, эксперимент учурунда тамактануудан ырахат алган-албаганын жазган.

Тесттин жыйынтыгы даамдуу, башкача айтканда, кошулмалары көп болгон зыяндуу тамак менен азыктануу эстутумду начарлатарын көрсөткөн. Эксперимент учурунда адамдар вафлинин таттуу даамына алданып, тойгонун билбей, көп жеп алгандыгын айтышкан. Ошондой эле эксперименттин катышуучулары зыяны бар деген азыктарды жеп жатканда ырахат алгандыгын жана андан баш тартуу кыйынга турарын жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0