Sputnik.Пикир: поляктар Освенцимди СССР бошотконун билеби

© Sputnik / Ольга Игнатович / Медиабанкка өтүүОсвенцимди фашисттерден бошотуу. Архив
Освенцимди фашисттерден бошотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поляктарга Освенцимди фашисттерден ким бошоткону тууралуу, андан соң Кызыл армияга ыраазы же ыраазы эмеспи деген суроолор узатылган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Сурамжылоого катышкан Польшанын көпчүлүк тургундары фашисттик Аушвиц (Освенцим) концлагерин советтик аскерлер бошотконун билишет жана Кызыл армияга ыраазы. Сурамжылоону Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында IFop компаниясы Sputnik агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзгөн.

Сурамжылоо Польшанын улутчул Германиядан бошотулушунун 75 жылдыгына карата жана Польшанын бийлиги советтик аскерлердин урматына тургузулган эстеликтерди түрттүрүп жатканына байланыштуу жасалган. Поляктарга эки суроо берилген.

Биринчи суроо мындайча болду: "1945-жылдын 27-январында Освенцим концлагери бошотулган. Сиздин оюңузча, бул концлагерди фашисттерден кимдер бошоткон?". Жооп катары төмөнкү варианттар сунушталган:

  • Польшанын аскерлери;
  • Кызыл армия, советтик аскерлер;
  • АКШ;
  • Улуу Британия;
  • Башка өлкөнүн армиясы;
  • Жооп бере албай жатам.

Натыйжада сурамжылоого катышкандардын 73 пайызы Освенцимди Кызыл армия бошоткон десе, 15 пайызы Польшанын аскерлери деп жооп берген. Жаштарга караганда (18-35) улуу муундун өкүлдөрүнүн (+35) көбү Кызыл армия деген жоопту узатышкан. Ошондой эле "Советтик аскерлер" деген вариантты көбүнчө жогорку билимдүүлөр айткан.

Экинчи суроо төмөнкүчө болгон: "Кызыл армия Польшанын аскерлери менен биргеликте өлкөнү фашисттерден бошоткону үчүн ыраазысызбы?". Жооп катары "Ооба", "Жок" жана "Жооп бере албай жатам" деген үч вариант сунушталган.

Түркөйлүкпү же... Освенцим туткундарын куткарууну неге америкалыктарга ыйгарышат? - Sputnik Кыргызстан
Түркөйлүкпү же... Освенцим туткундарын куткарууну неге америкалыктарга ыйгарышат?
Респонденттердин дээрлик 65 пайызы советтик аскерлерге ыраазычылык билдиришсе, 27 пайызы "жок" деген жооп кайтарган. Биринчи суроодогудай эле жогорку курактагылар менен жогорку билимдүүлөр ыраазычылык айтышкан.

Сурамжылоо 6-февралдан 11-февралга чейин Польшада жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку курактагы 1000 адам катышып, респонденттер жынысына, жашына жана жашаган аймагына карата тандалган.

Тарыхты кайра жазуу аракеттери

Польша советтик эстеликтерди бүлгүнгө учуратуу боюнча рекорд коюп келет. Өлкөнү фашисттерден бошотууга катышкан аскерлердин урматына тургузулган эстеликтер түрттүрүлгөн. 2019-жылы Польшанын бийлиги Россиянын өкүлдөрүн экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына чакырбай койгон. Варшава Москванын позициясы "тарыхый чындыкка дал келбейт" деп билдирген.

Өткөн жылдын декабрь айында болсо РФ лидери Владимир Путин бир катар Европа өлкөлөрү, анын ичинде Польша 1930-жылы фашисттик Германия менен жең ичинен сүйлөшүп алганын жар салган. Россия тийиштүү документтерди ачыктаган болчу. Ошондой эле фашисттик Германиядагы Польшанын элчисинин доклады ачыкталган. Анда эгер еврейлер Африкага көчүрүлө турган болсо Варшавага Адольф Гитлердин эстелигин тургузуу убадасы берилген.

Жакында эле Польшанын президенти Холокост курмандыктарынын элесине арналган эл аралык форумга катышпай койгон. Иш-чарага 46 мамлекеттин башчылары келип, Владимир Путин ардактуу конок катары чакырылган.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Холокост эскерүүсү: Освенцим туткундарынын тарыхы жана саясатчылардын ою - Sputnik Кыргызстан
Холокост эскерүүсү: Освенцим туткундарынын тарыхы жана саясатчылардын ою
Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялары эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0