Кыргызстандын эл мугалими Жибек Өзүбекова. Некролог

© AP Photo / Emrah GurelГүл кармаган аял. Архив
Гүл кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педагогго "Элге билим берүүнүн мыктысы", "КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер", "КР эл мугалими" деген жогорку наамдар ыйгарылган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. КР эл мугалими, өлкөнүн билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, билим берүүнүн мыктысы Жибек Өзүбекова 15-февраль күнү 71 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жибек Өзүбекова 1948-жылы 28-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул айылында төрөлгөн.

1970-жылы Пржевальск шаарындагы педагогикалык институттун математика факультетин бүтүргөн;

1970-1988-жылдары ушул эле институттун жогорку математика кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген;

1988-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул атындагы орто мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген;

1991-жылдан 2000-жылга чейин Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында илимий-усулдук иштер боюнча директордун орун басары, 2000-2010-жылдары мектептин директору, ал эми 2010-жылдан баштап ушул эле мектепте математика жана логика мугалими болуп эмгектенген.

Анын педагогикалык стажы 49 жыл. Педагогдун 40ка жакын илимий-усулдук макаласы жана "Лицей — билим уясы" аттуу китеби жарык көргөн. Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттеринин ардактуу профессору болгон.

Ага 1992-жылы "Элге билим берүүнүн мыктысы" наамы, 1994-жылы КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 1998-жылы "КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер", 2007-жылы "КР эл мугалими" деген жогорку наамдар ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0