БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Хоккей федерациясы Бишкекте өтө турган шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда биринчи орунду алууга ниеттенип жатканын билдирди.
Бүгүн, 17-февралда, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРдин Хоккей федерациясынын өкүлдөрү мелдешти өткөрүүгө даярдык тууралуу маалымат беришти.
Федерациянын биринчи вице-президенти Мурат Жакыповдун айтымында, спортчуларды мелдешке даярдоо үчүн Россиядан машыктыруучулар чакырылган.
"Хоккейчилердин даярдыгы күч. Бишкектен бир нече ирет машыгуу өткөрүштү, азыр да тер төгүп жатышат. Ошондой эле өткөн жумада Россиядан машыктыруучулар чакырылган. Биринчи орунду алышыбыз керек, ал үчүн биз спортчуларга бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Ошол эле учурда атаандаштарды абдан баалайбыз. Алар (Малайзия, Филиппин, Кувейт — ред.) ысык мамлекетте жашаса эле хоккей өнүккөн эмес деп айтууга болбойт. Биз үчүн атаандаштык жарата турчу өлкөлөр", — деди Жакыпов.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт. Уткан команда төртүнчү дивизиондон үчүнчү дивизионго өтмөкчү.