Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында КРдин атаандаштары аныкталды. График

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүХоккей. КХЛ. Матч ЦСКА - "Йокерит"
Хоккей. КХЛ. Матч ЦСКА - Йокерит - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Бишкекте өтө турган хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда Кыргызстан кайсы мамлекет менен качан ойной турганы белгилүү болду.

Первая женская команда по хоккею - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда хоккей боюнча кыздардын командасы түзүлдү
Бүгүн, 17-февралда, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен КРдин Хоккей федерациясынын өкүлдөрү мелдешти өткөрүүгө даярдык тууралуу маалымат беришти.

Федерациянын вице-президенти Элзар Болотбековдун айтымында, Кыргызстан Филиппин, Малайзия жана Кувейт менен ойнойт. Уткан команда төртүнчү дивизиондон үчүнчү дивизионго өтөт.

Оюндун программасы төмөнкүдөй:

3-март

  • 17:00 - Малайзия — Кувейт;
  • 20:00 - Кыргызстан — Филиппин;

4-март

  • 17:00 - Филиппин-Кувейт;
  • 20:00 - Кыргызстан-Малайзия;

5-март

  • 15:00 - Филиппин — Малайзия;
  • 18:00 - Кыргызстан — Кувейт.

Шайба менен хоккей ойноо боюнча дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0