Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
12-февралда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү, 12-февралда, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас жергесинде +3…+8, Ысык-Көлдө +1…+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11 градус жылуу, ал эми Нарында -2…-7 градус суук болору айтылды.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ошто +7…+9 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0