Ат минген Ажыбекова, Бейшеналиев, Кутманалиев. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Болот Бейшеналиев, Гүлсара Ажыбекова, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Мураталиев, Мурат Мамбетов жана жаш каскадёрлордун сүрөтү 2001-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Ал жылы ата мекендик киночулар "Кыргызфильмдин" 60 жылдыгын белгилеген.

Ошол кезеңди актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов мындайча эскерет:

"60 жылдык аябай жакшы белгиленген. "Кыргызфильм" киностудиясынан аттарды минип, жөө жүрүп улуттук филармонияга чейин театрлаштырылган парад кылганбыз. Орозбек Кутманалиев ак сакалын жайкалтып ат минип чыккан. Болот Бейшеналиев болсо кино тармагында эмгектенгендердин сакалдууларынын бири эле. Ошол кезде эң эле улуулары экөө болчу. Ал кезде Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев, Дооронбек Садырбаев, Болот Шамшиев өңдүү көптөгөн залкарлардын көзү бар эле. Аларды сагынабыз, азыр бизге ал инсандар жетпей турат. Ал эми ортодогу Гүлсара Ажыбекова Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болчу. Союз тарагандан кийин кино тартуу иштери токтоп, көпчүлүгү башка тармактарга кеткен. Кинематографияга жан дили менен күйгөн эле адамдар калган. Кийин 2000-жылдардын башында кино акырын кайра жандана баштады", — деди Мамбетов.

Ал жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын 60 жылдыгына карата "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы да кабыл алынган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0