Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевЖети-Өгүз капчыгайы. Архив
Жети-Өгүз капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү, 6-февралда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тайгак жана тоңголок болору эскертилди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4…+9, Талас жергесинде +3…+8, Ысык-Көлдө +2…+7, Баткен аймагында +7…+12, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11 градус жылуу болот. Ал эми Нарында термометрдин көрсөткүчү -4…-9 градуска чейин түшөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +6…+8, ал эми Ошто +8…+10 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0