БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү, 5-февралда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көлдө +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -7...-12 градус суук болот.
Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт, күндүн табы борборубузда жана Ош калаасында +7...+9 градуска дейре көтөрүлөт.