Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПарк "Серебряный бор" в Москве
Парк Серебряный бор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер ишемби күнү түнкүсүн жаан-чачын жаабай турганын билдирди. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ишемби күнү, 1-февралда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +2...+7 градус жылуу, ал эми Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.

Ал эми борборубуз Бишкекте +8...+10, Ошто +9...+11 градуска дейре жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0