Экотехинспекциянын директору Жолдошбек Жунушев иштен бошотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган. Маалыматка ылайык, Жунушев кол алдындагылардын ишине ведомстволук көзөмөл кылбагандын себебинен жумушчулары кызматтык кылмыштарды жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0