00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду. Акысы жана дареги

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТоктоп турган улаарар. Архив
Токтоп турган улаарар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акы төлөнгөн зоналар тогуз көчөдө пайда болду. Алардын көбү базар менен соода борборлорунун аймагында жайгашкан.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасы ишке киргенге чейин акы төлөнүүчү убактылуу зоналарды ишке берүүнү чечти.

Тизме:

  • Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиевадан Ала-Арча дарыясына чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киевге чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш гвардия проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайский туюк көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки ("Комфорт" соода борбору) бөлүгү;
  • Безымянный көчөсүнүн Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (Орто-Сай базары);
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросовго чейинки бөлүгү.

Акы төлөнүүчү муниципалдык жайларды жол белгилери аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле кызматкерлер "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар саргыч түстөгү атайын чыптамаларды кийип жүрүшөт. Бирдиктүү тариф — 25 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0