00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Улуу Жеңишке 80 жыл! Архив барактарында согуш жылдарындагы кандай баалуу документтер сакталган?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Где искать легальную работу за рубежом — советы для кыргызстанцев
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарын таза жана кооз кылуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
С1+5 саммити. АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин баалуу кен байлыктарына кызыгуудабы?
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От первых шагов до зрелости: как вырастить здоровое поколение — беседа с педиатром
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Русский язык — язык дружбы»: как он соединяет культуры Евразии
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдар үчүн коопсуз интернет — кибербуллингден кантип сактанууга болот?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Музыка менен жашаган өмүр: Жамила Маматованын чыгармачылык мурасы
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
О призвании, науке и человечности: разговор с Александром Новиковым
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектеп башкаруусундагы жаңычылдык: форумдагы негизги маселелер жана чечимдер
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шамшиевдердин үч мууну: акын, режиссер, экономист. 32 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү акын, журналист Төлөн Шамшиев, уулу КРдин эл артисти, режиссер Болот Шамшиев жана небереси экономист, окумуштуу Чыңгыз Шамшиевдин сүрөтү 1988-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) тартылган.

Үч муундун өзгөчө сүрөтүн фотограф Александр Федоров үй-бүлөлүк архив үчүн тарткан. Ал жылы Төлөн Шамшиев 75, Болот Шамшиев 47, Чыңгыз Шамшиев он жашта эле.

Ошол кезеңди Чыңгыз Шамшиев мындайча эскерет:

"Чоң атамдан мен мекенди сүйүүнү үйрөндүм. Эл менен болуп, Ата Мекен үчүн кызмат кылуу керек деп көп айтчу. Ал үчүн Кыргызстанда бардык нерсе бар эле. Атамдан да көп нерсени үйрөндүм. Экөөбүз өтө жакын элек. Башында ата-баладай болсок, кийин достордой эле болуп калдык. Менимче, мен атам үчүн жашоосунда ой бөлүшкөн, толук кандуу ачылып сүйлөшкөн санаалаш адамы болдум. Ал дагы өзүнүн мекенин сүйгөн жан эле. Союз маалында аны Лондонго, Австралияга кино тартып иштөөгө чакырган экен. Атам болсо үй-бүлө, мекенимди таштап кантип кетмек элем деп дароо эле баш тартыптыр. Ал "Манас" эпосун, улуттук оюндарды мыкты билчү. Мындан сырткары, ой чабыты кенен, ишке келгенде майда-чүйдө нерселерге өтө көңүл бурчу, эмгекчилдиги менен мыкты эмгектерди жарата алды. Кезинде атам Көк бөрү федерациясын негиздеп, анын ойноо тартибин жазган. Ал процессти өз көзүм менен көрүп, катышып да калдым. Мага анын логотибин тартуу тапшырмасын берген, мен эртеси эртең менен мектепке барышым керек болчу. Таңкы төрткө чейин атамдын маңдайында отуруп тартууга мажбур болгом. Кийин ошол эмгегим федерациянын расмий логотиби болуп калды. Атам менен иштешүү өтө оор болчу, бирок аны менен иштеше алгандар сөзсүз таанымал болуп чыкчу. Мындай белгилүү адамдардын уулу болуу өтө чоң жоопкерчилик. Эгер ийгилик жаратсаң, атасы жардам берип жатат дешет. Эгер бир нерсени туура эмес кылсаң, жаңылсаң сөзсүз элдин алдында бакыйып көрүнүп каласың. Ошондуктан кино тармагына эмес, экономика багыты боюнча кеткем. Мындай жоопкерчиликти мен тандап алган эмесмин, колдон келишинче алардын атын татыктуу алып жүрүүгө аракет жасайм, балдырымды да ошого үйрөтөм", — деди Шамшиев.

 Режиссер Болот Шамшиев актриса Айтурган Темирова менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Кызы Сүйүүтай кесиби боюнча лингвист, эл аралык уюмдарда эмгектенген, учурда үй иштери менен алек. Баласы Чыңгыз Шамшиев Бишкектеги ири ЖОЖдордун биринде вице-президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0