Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ойтемиров: декреттик өргүүнү чоң ата-чоң апалар, таята-таенелер да ала алат

© Sputnik / Эркин СадыковГлава департамента труда при министерстве труда и социального развития Махмуд Ойтемиров
Глава департамента труда при министерстве труда и социального развития Махмуд Ойтемиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров жаңы төрөлгөн ымыркайга камкордук көрүү мыйзамы боюнча айтып берди.
Ойтемиров: декреттик өргүүнү чоң ата-чоң апалар, таята-таенелер да ала алат

Балага камкордук көрүү үчүн эмгек өргүүсүнө чоң эне, таене, чоң ата, таяталар да чыга алат. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, неберелүү болгон адамдардын укуктары тууралуу Эмгек кодексинин 137-беренесинин экинчи бөлүгүндө так жазылган.

"Ымыркай төрөлгөн соң ага камкордук көрүүгө чоң ата-чоң энелер, таята-таенелер да чыга алат. Эгер зарылчылык жаралса, алар бул укугунан пайдалануу үчүн иштеген жерине тиешелүү арыз менен кайрылып, баланын ата-энеси сяктуу эле үч жылга чейинки эмгек өргүүсүн алса болот. Кызмат орду, эмгек стажы сакталып кала берет. Эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү бүткөн соң кайрадан өзүнүн ордунда ишин улантат. Мыйзам эч кандай таене же чоң эне деп бөлбөйт. Баарынын укугу бирдей", — деди Ойтемиров.

Адис неберелүү болгон адам баланы багуу үчүн эмгек өргүүсүнө чыккан учурда наристенин ата-энеси бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0