Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин эски аянтта Кыргыз Республикасынын имаратынын өкмөттүн көрүүсү
Бишкектин эски аянтта Кыргыз Республикасынын имаратынын өкмөттүн көрүүсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү, 23-январда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас жергесинде 0...+5, Ысык-Көлдө -3...+2, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +1...+6 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -8...-13 градус суук болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +1...+3, Ош калаасында +3...+5 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0