Жеңилген ММА мушкери капыстан калыстын бутун сындырып ала жаздады

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7
Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
MMA мушкери монголиялык Шинечагтга Золтсетсег One Championship 106 турниринде кытайлык Ма Я Венди нокаутка кетирди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бул беттештин видеосу аталган уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланган.

Кытай спортчусу беттештин 55-секундасында тагдыр чечүүчү соккуну алып, жерге кулап түшкөн. Ал калысты дароо буттан алып, согончогун кайрый баштаган.

Адатта мындай ыкма кишинин ден соолугу үчүн коркунучтуу — тизенин тарамыштарынын үзүлүп жана кызыл ашыктын сынып кетишине алып келет.

ММА беттешинде бул ыкмага уруксат берилген, бирок бразилиялык жиу-житсу турнирлеринде бул техника жаракат алып келет деген кооптуулуктан улам тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0