00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-тажик чек ара чыры: эки өлкөнүн премьерлери телефон аркылуу сүйлөштү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВстреча Мухаммедкалыя Абылгазиева с Кохиром Расулзодой
Встреча Мухаммедкалыя Абылгазиева с Кохиром Расулзодой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын сүйлөшүүсүндө чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоо, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүү айтылды.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен телефон аркылуу 10-январга караган түнү кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Абылгазиев жана Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн айтышты. Кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү боюнча айтылган. Андан сырткары, эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу сүйлөшүү болгон.

Чек ара чыры

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры: Айдарбеков тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп, элчисин чакырды
Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0