Трамп Ирандын 52 объектисине сокку урушу мүмкүн экенин эскертти

© AFP / ANDREW CABALLERO-REYNOLDSПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу ниетин билдирген Иранды сынга алды. Трамп Сулейманини "террордук лидер" деп атаган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Америка президенти Дональд Трамп АКШга кол салына турган болсо Ирандын 52 объектисине өтө тездик менен катуу сокку урарын айтып коркутууда.

"Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга же америка мүлкүнө сокку ура турган болсо, биз Иран жана иран маданияты үчүн маанилүү болгон 52 объектисин бутага алабыз (көп жыл мурун Иран тарабынан барымтага алынган 52 америкалык жарандар). Мунун баары Иран сыяктуу эле өтө тездик менен жасалган оор соккуга кабылат. АКШ кандайдыр бир коркутууларды каалабайт", — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

АКШ президенти Ирандын Багдадда өлтүрүлгөн генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу ниетин сынга алды. Трамп аны "террордук лидер" деп атаган.

РИА Новости агенттиги Трамп 52 туткун тууралуу айтып жатып, 1979-жылы ислам революциясынан кийин АКШнын Тегерандагы элчилигинин барымтага алынышын кеп кылганын божомолдоду. Анда АКШдан шах Мохаммед Реза Пехлевинин берилишин талап кылган төңкөрүшчүлөр 66 адамды барымтага алган. Кийинчерээк он үчү коё берилип, калган 52 адам 444 күн туткунда калып, 1981-жылы гана бошотулган.

Сулейманинин өлүмү

Тысячи иранцев вышли на митинг после убийства генерала Сулеймани — видео - Sputnik Кыргызстан
Генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыгышты. Видео
3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Ирак бийлиги өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0