00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алайга туруктуу жашоо үчүн 50 памирлик кыргыз көчүп келди. Видео

Жазылуу
Кыргыз өкмөтү 50 памирлик кыргызды үй-бүлөсү менен Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүп келди. Алар мындан ары ушул айылда туруктуу жашашат. Кандаштар бүгүн, 23-декабрда, жаңы конушуна жайгаштырылды.

Азырынча памирлик кыргыздар эски мектептин имаратында. Бул туурасында Ош облустук социалдык башкармалыгынын башчысы Абдубали Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, мектептин ичи капиталдык ремонттон өтүп, меш коюлуп жашоого ылайыкташтырылган. Учурда аларды азык-түлүк менен жергиликтүү бийлик камсыздап жатат.

"Алай районунун акимчилиги буга чейин көмүр, тамак-аш жеткирип даярдап турган. Бүгүн Чоң-Алай районунун акими да жардам иретинде бир айга жете турган азык-түлүк алып келди. Күн жылыгандан кийин мамлекет көчүрүлүп келген 10 үй-бүлөгө турак жай салып берет. Бул үчүн жер тилкеси такталып, үй курууга тендер өткөн. Каражат да бөлүнгөн, баары даяр, жаз келери менен курулуш иштери башталат", — деди Балтабаев.

Ошондой эле ал мындан ары дагы памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү ыктымал экенин айтат.

Жизнь памирских кыргызов в селе Ак-Коргон Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүү маселеси көтөрүлдү
"Бул боордошторубуз менен кошо өзүлөрүнүн ханы келди. Ал эки-үч күндөн кийин кайра кетет. Эгер Кыргызстанга келүүнү каалагандар болсо жөнөтө турганын айтты. Андай болсо аларды да турак жай менен камсыздоо маселесин карайбыз", — деди Балтабаев.

Социалдык башкармалыктын жетекчиси Сары-Могол айыл өкмөтүнүн эли жакшы шартта жашай турганын белгиледи. Себеби жанында көмүр кени бар, анда иштегендер аз дегенде күнүнө 2000 сом, жакшы болсо 6000-7000 сом табышат. Мал чарбачылыгы менен алектенүүгө да ылайыктуу жер. Балтабаевдин айтымында, памирлик кыргыздарды ушундай жумушка тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0