Булар да бүгүн майрамдашмак... Кызматта жан берген УКМК кызматкерлери

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев наградил чекистов, ликвидировавших боевиков в Бишкеке
Атамбаев наградил чекистов, ликвидировавших боевиков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-декабрь — Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында иштегендердин күнү. Бул күнгө байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кызматтык милдетин аткарам деп каза тапкан жоокерлерди тизмектеди.

УКМКнын маалымат кызматы редакцияга соңку жылдары канча кызматкер көз жумганын ачыктаган жок. Бул тармакта көп нерсе сырдуу, жашыруун экендиги маалым.

Ал эми УКМКнын "Альфа" антитеррордук бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык бирикмесинин президенти Юрий Погибанын айтымында, кызмат негизделгенден бери беш жоокер каза тапкан.

"Альфа" — УКМКнын куралдуу топ менен күрөшүүдө иш алып барган жалгыз кызматы. Ал 1992-жылы негизделген.

Абдурашид Өскөналиев менен Кыялбек Бакиров

Часть жилмассива Энесай заблокирована милицией, идет проверка домов - Sputnik Кыргызстан
Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер
2006-жылы 12-майда "Альфа" алгач ирет жоготууга дуушар болгон. Ал күнү Тажикстан тараптан куралдуу топ Баткендин Кадамжай районундагы айылдарды аралап, андан ары Актурпактагы бажы бекетине кирип келген. Алар менен кагылышууда кыргыз тараптан эки чек арачы, бир бажычы, бир жай тургун жана "Альфанын" эки кызматкери курман болгон. Куралчан топтогулардын үчөө окко учуп, бирөө колго түшкөн. Мындан тышкары, укук коргоо органдары террордук топтор менен кызматташкан деген айып менен кыргызстандык алты адамды сот жоопкерчилигине тарткан.

Жогорудагы окуядан УКМК кызматкерлери полковник Абдурашид Өскөналиев менен лейтенант Кыялбек Бакиров каза тапкан. Кийинчерээк 44 жаштагы Өскөналиевге II даражадагы "Манас" ордени берилсе, 23 жаштагы Бакировго "Эрдик" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов

2006-жылы 23-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абаддын Сузак районунда террорчу топтун беш мүчөсү жок кылынган. Операция учурунда лейтенант Гапар Маманов көз жумган. Ага кийинчерээк III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

Гапар Маманов 1982-жылы 26-июнда аскер кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2000-2002-жылдары Чек ара кызматынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Жогорку билимдүү болчу. 2006-жылдын февралынан тарта УКМКнын Альфа антитеррордук кызматына ишке кирген.

Жеңишбек Бабараимов

Бул окуяда ИИМ менен УКМК кызматкерлери каза тапкан. Тагыраагы, 2011-жылы 4-январда Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен рейдге чыккан үч милиционер окко учкан. Алар бир жыл мурун Кожомкул атындагы Спорт сарайынын алдындагы жарылууну уюштурууга шектелген "Жайшүл Махди" террористтик тобунун согушкерлерин көрүп калышкан.

Эртеси, 5-январда, "Альфа" атайын операция жүргүзүлүп, Арашан айылында эки кылмышкер жок кылынып, үчүнчүсү кармалган. Тилекке каршы, мында да кан төгүлүп, лейтенант Жеңишбек Бабараимов көз жумган. Артында эки баласы калган.

Үсөнбек Ниязбеков

Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Чүйдөгү Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, операция ишке ашкан эмес. Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган. Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлашкан.

Ниязбеков 1972-жылы Ош облусунун Бел-Өрүк айылында туулган. Азыркы кызматына ушул жылдын февраль айында дайындалган. Сентябрь айында ага полковник наамын берүү пландалып жаткан. Аркасында төрт баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0