00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: Ширин Айтматованын күйөөсү дагы бир кылмыш ишинде фигурант

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматова. Архив
ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ УКМК экс-депутат Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдошун алдамчылыкка тиешеси бар деп кармаган. Мындан соң ИИМ анын дагы бир кылмыш ишинде фигурант экенин айтып чыкты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматованын жарандык никедеги күйөөсү Сыргак Кенжебаев аткезчиликке байланыштуу бир иште фигурант катары жүрөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын ноябрь айында жергиликтүү ЖМКлар Виктор Гавришев аттуу кыргызстандыктын кайрылуусун жарыялаган. Анда уулу Егор Гавришев жана башка кишилерге мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, жалаа жабуу болуп жатканы айтылган. Гавришев буга Бишкек ШИИБинин тергөөчүсү Урмат Баялиев, Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев жана Россия жараны Сергей Богдановдун тиешеси бар экенин билдирген.

Советник экс-президента Кыргызстана Алмазбека Атамбаева на общественных началах Кундуз Жолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты
ИИМ кеп 2013-жылы "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери менен козголгон иштер жөнүндө болуп жатканын айткан. Материалдарда Егор Гавришев 2012-жылдын январынан 2013-жылдын февралына чейин 808 миң долларлык 810 даана спутник телефонун алып кирип, 20,2 миллион сом бажы төлөмүн төлөбөй койгону айтылган. Документтердин копиясын россиялык Сергей Богданов аттуу жаран берген.

Көп өтпөй Егор Гавришевге "Аткезчилик" жана "Бажы төлөмдөрүнөн качуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Быйылкы жылдын 19-февралында аны "Манас" аэропортунан кармап, үй камагына алышкан.

"Иштин жагдайларын адилет карап чыгуу жана Сыргак Кенжебаев тарабынан мыйзам бузуу болгон же болбогондугун аныктоо үчүн сотко чейинки өндүрүш иштери ИИМдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ кечинде УКМК Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди алдамчылыкка шектүү катары кармаган. Маалыматка караганда, УКМКга кытай жараны 350 миң долларын Сыргак Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0