БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 10-декабрда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +10…+15, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +11…+16, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын аймагында +2…+7 градус жылыйт.
Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +12…+14, Ошто +13…+15 градуска көтөрүлөт.