БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ошто 8-декабрь күнү калаа окуучулары арасында робот техникасы боюнча Robosky Tech Fest Osh сынагы болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
![Ошто 8-декабрь күнү калаа окуучулары арасында робот техникалары боюнча Robosky Tech Fest Osh сынагы болуп өттү Ошто 8-декабрь күнү калаа окуучулары арасында робот техникалары боюнча Robosky Tech Fest Osh сынагы болуп өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463414_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_e4289ac7b600f2e48f74c796820e75af.jpg)
![Сынакка 8 жаштан 16 жашка чейинки 40 окуучу 10 командага бөлүнүп катышкан Сынакка 8 жаштан 16 жашка чейинки 40 окуучу 10 командага бөлүнүп катышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463403_241:0:3499:2048_600x0_80_0_0_f710b8f6ae1f0791982bedf3acf98315.jpg)
![Конкурска өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн жөндөмдүү балдары тандалып алынган Конкурска өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн жөндөмдүү балдары тандалып алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463419_0:120:3067:2047_600x0_80_0_0_843d1b7cbc23cf54b6b834ce6e912e13.jpg)
![Аларга 1,5 ай бою робот техникалары боюнча сабак өтүлгөн Аларга 1,5 ай бою робот техникалары боюнча сабак өтүлгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463430_0:0:3067:1928_600x0_80_0_0_9e196a039b5ee297aea70e1ffd5ae52e.jpg)
![Иш-чарага конок катары Кыргызстандагы робот боюнча мыкты техниктер чакырылган Иш-чарага конок катары Кыргызстандагы робот боюнча мыкты техниктер чакырылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463408_7:0:3265:2048_600x0_80_0_0_fd3cb30727ec966699479c51c93bf595.jpg)
![Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча аныкталган. Аларга баалуу белектер тапшырылып, 2020-жылы Россия менен Казакстанда өтө турган эл аралык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча аныкталган. Аларга баалуу белектер тапшырылып, 2020-жылы Россия менен Казакстанда өтө турган эл аралык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк берилди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104646/34/1046463436_0:57:3067:1984_600x0_80_0_0_0d37547e7e0de12b00ef1d2028040b59.jpg)
Сынакка 8 жаштан 16 жашка чейинки 40 окуучу 10 командага бөлүнүп катышкан. Конкурска өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн жөндөмдүү балдары тандалып алынган. Аларга 1,5 ай бою робот техникалары боюнча сабак өтүлгөн.
Иш-чарага конок катары Кыргызстандагы робот боюнча мыкты техниктер чакырылган. Алардын арасында "РобоСкай" мектебинин негиздөөчүсү жана КРде биринчилерден болуп адамга окшош робот жасаган Санжар Жумабеков дагы бар.
Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын негизги максаты — жаш улан-кыздарга роботторду кандай максатта колдонсо болорун жана технологиянын өнүгүү тарыхын түшүндүрүү. Бул сынак кээ бирлерге кесип тандоого жардам берген.
Долбоор Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата уюштурулган. Сынак менен балдарды даярдыктан өткөрүү Россиянын ПРООН аркылуу түзүлгөн "Санариптик билим жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу долбоорунун негизинде уюштурулду.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.