https://sputnik.kg/20191123/bishkek-azyk-tuluk-zharmankesi-darek-1046319815.html
Бишкектин төрт жеринде азык-түлүктү арзан саткан жарманкелер болот. Дареги
Бишкектин төрт жеринде азык-түлүктү арзан саткан жарманкелер болот. Дареги
Sputnik Кыргызстан
Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешине көз салып, көзөмөлдөп турушат. 23.11.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-11-23T20:26+0600
2019-11-23T20:26+0600
2021-12-15T22:28+0600
https://sputnik.kg/img/104631/98/1046319845_520:459:3346:2048_1920x0_80_0_0_4a7ddcf41a2beb9002a9d5b5063a3ab6.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104631/98/1046319845_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_16cfe01811afbb747cc9463de0fd7438.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек
Бишкектин төрт жеринде азык-түлүктү арзан саткан жарманкелер болот. Дареги
20:26 23.11.2019 (Жаңыртылды: 22:28 15.12.2021) Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешине көз салып, көзөмөлдөп турушат.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын төрт жеринде Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жарманкеге коюлган азык-түлүктөр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен шаардык ветеринардык №21 лабораториянын дарыгерлеринин текшерүүсүнөн милдеттүү түрдө өтөт. Азык-түлүктөр сатылып бүткөндөн кийин кечинде "Тазалык" ишканасы аянттарды тазалап кетет", — деп билдиришти мэриядан.
Жарманке кайда болот?
- Биринчи май районунун аймагында Агрардык университеттин түштүк жагында — Скрябин менен Абай көчөлөрүнүн кесилиши;
- Октябрь районунун аймагында Гапар Айтиев менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн ортосундагы Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө;
- Свердлов районунун аймагында Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 районундагы сууну жээктей);
- Ленин районунун аймагында Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүндө.
Жарманке учурунда жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, адистер баалардын жогорулап кетпешин көзөмөлдөп, карап турушат.