Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки, 2020-жылы, белоруссиялыктар мамлекет башчысын шайлашат. Добуш берип жатканда журналисттер Лукашенкодон президенттик шайлоого катышар-катышпастыгы тууралуу сурашкан.

БИШКЕК, 17-ноя. – Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко келерки жылы боло турган президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин сунуштай тургандыгын айтты. Бул туурасында Sputnik Белоруссия жазды.

Мындай пикирин бүгүн, 17-ноябрда, өтүп жаткан парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн келгенде билдирген.

Белгилей кетсек, белоруссиялыктар 2020-жылы президентин шайлашат.

Добуш берип жатканда журналисттер Лукашенкодон президенттик шайлоого катышар-катышпастыгы тууралуу сурашкан.

"Бул суроого эчак эле жооп бергем. Эгерде эл мени кайсы бир шайлоодо колдобой койсо, мен ага таарынбайм", — деди президент.

Лукашенконун айтымына караганда, мындан ары тынч жашаш үчүн эл өзү аны шайлоого бар деп суранышы керек. Эл "качып кетти" деп ойлоп калбаш үчүн өзүн талапкерлердин тизмесинен алып салбайт.

Кыргызстдандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Бакиев Белоруссияга эмнеге качканын түшүндүрдү
"Президенттик шайлоодо талапкерлигимди сунуштайм. Эгерде таптакыр эле каршы экениңерди билсем, албетте, капа болом. Ал үчүн силер талапкерлигимди четке кагып салышыңар керек", — деген Лукашенко.

Лукашенко эгерде анын талапкерлигин шайлоодо эл колдобой койсо кете турганын, "креслого жабышпай" тургандыгын айтып, "бул кызматтын креслосу анча деле жумшак эместигин" кошумчалаган.

"Президенттик бийлик — падышачылык доорду сүрүү деп түшүнбөгүлө", — деген ал.

Белоруссиядагы президенттик шайлоо тууралуу

Президенттик кампания тууралуу айтып жатып, Лукашенко шайлоону өткөрүүнүн акыркы мөөнөтү 2020-жылдын августунун аягы экендигин айтты. Аталган маанилүү иш-чаранын жайга туш келишин ал маселе жаратат деп эсептебей турганын билдирген. "Каалоосу болгон киши келип добушун берерин" кошумчалады.

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу
Улуттук жыйындын өкүлдөр палатасына шайлоо мажоритардык система менен өтүүдө. 110 округдан 110 депутат тандоо зарыл. Акыркы маалымат боюнча, депутаттык кресло үчүн 513 киши ат салышууда.

Александр Лукашенко аталган өлкөнү 25 жылдан (1994-жылдан) бери башкарып келе жатат.

Кыргызстандыктар Белоруссиядагы саясий абалды кызыгуу менен байкап турат. Себеби Кыргызстанды 2005-2010-жылы башкарып туруп, ыңкылаптан кийин качып кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана туугандары менен дал ушул мамлекетте жашап жатат.

2019-жылдын август айында Белоруссиянын Кыргызстандагы элчисине Тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын тапшырган. Нотанын берилишине Белоруссиянын президентинин расмий сайтына президент Александр Лукашенконун Курманбек Бакиев менен жолукканы туурасында жарыяланган маалымат себеп болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0