Баткендеги прокуратура кызматкерлери үйлүү болду. Сүрөт
Баткендеги прокуратура кызматкерлери үйлүү болду. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Жалпысынан Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттен 43 милион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери былтыр... 25.10.2019, Sputnik Кыргызстан
Жалпысынан Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттен 43 милион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери былтыр башталган.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Баткен облусунда прокуратура кызматкерлерине батирлер берилди. Бул туурасында аталган аймактын көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле Сүлүктү шаарындагы кызматкерлерге үч бөлмөлүү бир батир жана эки бөлмөлүү эки батир колдонууга берилген. Ал эми Лейлек районундагы көзөмөл органында иштеген беш үй-бүлө эки кабаттуу тамга жайгашкан.
Жалпысынан Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттен 43 милион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери былтыр башталган.