Тургундар Молдомуса Конгантиевдин аты көчөгө кандайча коюлганын айтышты. Видео

Жазылуу
Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) көчөгө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгени маалым болду. Жергиликтүү бийлик Конгантиевдин ысымын ыйгарууну жашоочулар өздөрү сунуштаганын айтты.

Бул социалдык тармактын колдонуучулары арасында талкуу жаратып, айрымдарын таң калтырды. "Адам каза болгондон кийин анын аты унутулбасын деген ой менен кайсы бир жерге коюлчу эле, көзү тирүү кишинин ысымы кандайча берилип калды?" деп суроо салгандар болду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Молдомуса Конгантиевдин аты ыйгарылган көчөгө барып, тургундардын пикирин угуп келди.

Көчөгө Молдомуса Конгантиевдин аты жазылган тактайлар илинген эмес. Жашоочулар экс-министрдин ысымы эки жыл мурда ыйгарылганын айтат. Андан кабары жок тургундар да бар, алар эски аты менен 10-көчө деп аташат.

Аталган көчөдө жашаган Асел Дүйшөбаева бул жер Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине берилгендиктен көчөгө генералдардын ысымын коюу сунушталганын айтат. Натыйжада Конгантиевден сырткары дагы беш генералдын ысымы ыйгарылган.

"Бул жер тилкелерин ИИМ кызматкерлерине алып берүүгө салым кошкон генералдар болгон экен. Алты кишинин аты сунуш кылыныптыр. Ал кезде бул жерде эл аз болчу, ошолордун макулдугу менен эле коюлуп калыптыр. Мен азыр макул же каршымын дегенден алысмын. Элдин пикирине карайм, эгерде көп киши каршы чыкса, өзгөртөбүз. Буга чейин нааразылык болуп маселе көтөрүлгөн. Бирок жер-суу аттарын өзгөртпөөгө 2020-жылга чейин мораторий киргизилиптир. Ошондон кийин өзгөртөбүз го", — деди Дүйшөбаева.

Ошондой эле ал бул көчөгө Молдомуса Конгантиев бир да жолу басып келбегенин белгиледи. Демек, ал өзү кызыкдар болду деген пикирлер туура эмес деп эсептейт.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулу бажычы, өзү асыл тукум жылкы кармайт. Молдомуса Конгантиев тууралуу 6 факты
Экс-министрдин атын алган көчө Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагына карайт. Айыл өкмөттүн башчысы Эдил Жумалиев эл өзү кайрылуу жиберип, анан айылдык кеңеш жактырганын айтат. Бирок анын көрсөткөн документинен алты көчөгө генералдардын атын ыйгарууга 20 адам гана кол койгону белгилүү болду.

"2018-жылы каттоо жүрүп жаткан, көчөлөргө ат койгула десек, өздөрү эл менен болгон чогулушта чечкенин айтып, тизмени алып келишкен. Ошого карап айылдык кеңеш токтом чыгарган. 2020-жылдын 31-декабрында көчөлөрдүн атын өзгөртүү боюнча мораторий алынат. Ошондо кайра карап, адамдын атынан эмес, Көк-Жар, Кең-Суу деген сыяктуу нейтралдуу аттарды ыйгаралы деп жатабыз", — деди Жумалиев.

Ошондой эле ал Молдомуса Конгантиев көчөсүн өзгөртүү боюнча айыл өкмөткө эч ким кайрылбаганын билдирди.

Конгантиев өзү эмне дейт?

Молдомуса Конгантиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына анын ысымы көчөгө коюлганын жакында эле билгенин айтты.

"Көчөгө атымды коюп жатканда мага айтышкан эмес. Бул тууралуу жакында эле бирөөдөн уктум. Коңшулаш көчөлөргө аты ыйгарылган генералдардын көзү өтүп кеткен. Мени сыйлап эл өзү көчөсүнө атымды бергенине ыраазы болдум, каршылыгым жок", — деди Конгантиев.

Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Усубалиевдин ысымы тоонун чокусу менен Бишкектеги эски аянтка ыйгарылат
Эскерте кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кайсы бир адамга эстелик орнотууга, көчөгө, музейге жана башка объектилерге ысымын ыйгарууга каза болгондон беш жыл өткөндөн кийин уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары ички иштер министри болуп эмгектенген. Ал Апрель коогалаңында Таласка барганда бийликке каршы чогулган эл тарабынан катуу сабалган.

Конгантиевге карата Апрель окуясы боюнча кылмыш иши козголуп, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Шалаакылык" беренелери боюнча айыпталган. Бирок ушул жылдын июль айында Биринчи Май райондук соту аны актаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0