Эл каттоочу адистер даярдыктын биринчи этабынан өттү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл каттоо — БУУнун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлө турган ири изилдөө. 

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн, 23-октябрда, 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоо боюнча адистерди окутуу семинарынын биринчи этабы аяктайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды.

"Окутуу семинары Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн өтүп жатат. Ушул эле курстан 14-18-октябрь күндөрү түштүк аймактын адистери өткөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу боюнча ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлө турган ири изилдөө.

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо боюнча иш-чара 2020-жылдын жаз айларында өтөт.

Аталган иш-чарага республика боюнча 24 109 кызматкер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0