Шевченко Голливуд жылдызы менен тартыла турган тасманын мазмуну айтылды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүБоец смешанных единоборств Валентина Шевченко
Боец смешанных единоборств Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттиги убагында "Оскар" алган Голливуд жылдызынын жаңы кинодолбоору жана анын кызыктуу жагдайлары тууралуу маалымат топтоду.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өткөн дем алыш күндөрү UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Голливуд жылдызы Холли Берри менен кино долбоорго катышып жатканын жар салды. Ал актриса менен түшкөн сүрөтүн Twitter тармагындагы баракчасына жүктөгөн.

"Холли, сени менен таанышканыма абдан кубанычтамын! Экөөбүздүн эмгегибизди сенин жаңы фильмиңден көрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам", — деди кыргызстандык спортчу.

​Комментарийге актриса ыраазычылык билдирип жазган.

"Чогуу өткөргөн ар бир секундду баалайм. Рахмат! Ооба, шаң эми башталат", — деди Берри.

Боец UFc Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко UFC рейтингинде дагы бир сапка жогорулады
Bloody Elbow порталы жазганына караганда, учурда Берри "В синяках" (Bruised) аттуу кинодолбоордо өзүн режиссёр катары сынап жатат.

Тасма Жеки (анын ролун Холли Берри аткарат) аттуу ММА мушкери тууралуу тартылган. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Сызга отуруп калган Жеки карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы баласы менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Halle Berry (@halleberry)

Спорттук драманын сценарийин дебютант Мишель Розенфарб жазган. Берри тартуу иштерине тажрыйбалуу мушкерлер менен хореографтарды чакырган.

The Sun басылмасынын жазганына караганда, тасманын тартылышына Берри өткөн жылдын ноябрында эле даярдык көрүп баштаган.

Чыныгы мушкер айымдын образын жаратуу үчүн Берри UFC турнирлерине катышып, ММА уюмунун мурдагы чемпиону Крис Сайборгдон сабак алган.

​Тасма качан чыгары азырынча белгисиз.

Холли Берри киноиндустриянын тарыхындагы "Оскар" алган ("Бал монстров" тасмасы) биринчи ынды кара актриса. 53 жаштагы жылдыз "Люди Икс", "Умри, но не сейчас" сыяктуу бир катар тасмаларда жараткан ролдору менен белгилүү. Андан сырткары, ал быйыл чыккан "Джон Уик 3" фильмине да тартылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0