Бишкекте нидерланддык ишкерлер экспорт боюнча бизнес-форум өткөрүшөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКүнөскана. Архив
Күнөскана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нидерланддан келген 14 ири компания айыл чарба багытында иштеген жергиликтүү ишкерлер менен жолуга турганы айтылды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбор калаада нидерланддык ишкерлер бизнес-форум өткөрөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда арзан кызматтардын жана товарлардын электрондук каталогу ишке кирди
Маалыматка ылайык, иш-чара 16-октябрь күнү борбор калаада уюштурулат. Анда Нидерланддан келген 14 ири компания айыл чарба багытында иштеген жергиликтүү ишкер, өндүрүшчүлөр менен жолугат. Алар күнөскана, жашылча-жемиш сактоочу жайларды курууну, тоок багууну, эт, сүт азыктарын экспорт кылууну талкуулашат.

Форумдун максаты— эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алака түзүү жана кызматташуу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0