БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын социалдык тармактарында Чүй облустук төрөт үйүндөгү кырдаалга байланыштуу саламаттыкты сактоо системасын сынга алып жатышат.
Төрөтканада полдо жаткан аялдардын сүрөтүн жүктөгөн Анара Акматбекова көргөн көзүнө ишене албай жатканын жазган.
"Таң калып жатам, палаталар толуп калыптыр. Жаңы төрөгөндөр жерде жатышат. Бардык жер чаң. №4 төрөт үйүн оңдоо үчүн жаап салышыптыр. Мындан улам кош бойлууларды Чүй төрөт үйүнө жөнөтүп жатышыптыр. Саламаттыкты сактоо министри бир нерсе жасайбы? Бөлүшкүлө! Чоң трибунадан "баары жакшы" дегендер көрсүн", — деди Акматбекова.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева Sputnik агенттигине министрликтин буйругу менен төрөт үйлөрү жыл сайын оңдоо иштери үчүн жабыларын билдирди.
16-августта үй-бүлөлүк ири медицина борборлорунун бардыгына кызмат көрсөткөн №4 шаардык перинаталдык борбор жабылган. №4 төрөт үйүнүн ордуна Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, №2 клиникалык төрөт үйү, №1 төрөт үйү, Чүйдөгү төрөт үйү менен Репродукция борбору нөөмөттөшүп кызмат көрсөтүүдө.
Бүгүнкү күндө жаңы төрөгөн аялдар менен ымыркайлар жабыркаган жок. Асылбашева ошондой эле бүгүн көз жаргандар абдан көп болгонун белгиледи. Анын айтымында, негизи акушерлер бир суткада 10-15 төрөт кабыл алса, бүгүн 30 ымыркай жарыкка келген.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.