00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео

Жазылуу
Быйыл "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагына өзгөчө селки катышат. Дарыгерлер бир нече жыл мурда Ангелина Гаранинага остеосаркома деп аталган диагноз коюшкан.

Ракты жеңүүнүн бирден-бир жолу бутун кесип салуу эле. Ошондон тарта Ангелина биомеханикалык протез менен жашап келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнгелина Гаранина остеосаркома, башкача айтканда, рак илдетинен арылуу үчүн бутун кестирген. Ошондон тарта Ангелина биомеханикалык протез менен жашап келет.
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ангелина Гаранина остеосаркома, башкача айтканда, рак илдетинен арылуу үчүн бутун кестирген. Ошондон тарта Ангелина биомеханикалык протез менен жашап келет.

Быйыл уюштуруучулардан кызга "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагына катышуу боюнча сунуш түшкөн. Ал ойлонуп көрүп, макул болгон.

Учурда эң сулуу кыргызстандык аялзатынын таажысы үчүн 20 кыз күрөшө турган болууда.

"Мындан бир-эки жыл мурда ушундай сынакка катыш десе ишенбейт элем. Эгерде ооруканада жатканда сунушташкан болсо, "Чын эле айтып жатасыңарбы? Менби? Сынаккабы?" — деп кечке суроо жаадырмакмын. Ал мезгилдери кандайдыр бир кол жетпеген кыял катары сезилмек. Ал эми азыр жашоомдун азаптуу, кыйын учуру өтүп кетти. Бул — менин конкурсум. Кыздар менен сүйлөшүп, пикир алмашуу, камера алдында иштеп, тартылуу мага жагат", — деп азыркы бактылуу мүнөттөрү менен бөлүштү селки.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнгелина учурда Питердеги жогорку окуу жайлардын биринде психолог билимин алып жаткан чагы. Буга кошумча гитара үйрөнүүдө.
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ангелина учурда Питердеги жогорку окуу жайлардын биринде психолог билимин алып жаткан чагы. Буга кошумча гитара үйрөнүүдө.

Сынактан тышкары Ангелинанын эң маанилүү дагы бир иши бар. Ал — окуусу. Учурда Питердеги жогорку окуу жайлардын биринде психолог билимин алып жаткан чагы. Буга кошумча гитара үйрөнүүдө. Кыйынчылык, түйшүгүнө карабай Ангелина башка кыздар сыяктуу эле сулуулар конкурсунун даярдыгына калбай келет. Элдин алдында болгонду, сахнага басканды, камеранын алдына чыккандагы чеберчиликтерди өздөштүрүп жаткан убагы. Муну менен катар эле моделдик кесиптин ой-кырларын үйрөнүүдө.

Сынактын уюштуруучулары Ангелина башка катышуучулар менен теңтайлаша берген тапшырмаларды аткарып жаткандыгын белгилешти.

 Участница танцевальной группы Тумар Самыйбек кызы Адина - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес
"Ангелина — "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын уюштуруучулары өздөрү чакырып катышып жаткан жалгыз кыз. Көптөр майыптыгы барлар башкалардай боло албайт дешет. Кеп-сөзгө калуудан чочулашат. Ал эми Ангелинанын мисалы калыптанып калган мындай көз караштарды четке кагат", — дешти алар.

Ангелина өзүнө ишенип-ишенбей турган адамдарга жардам көрсөтүү өтө маанилүү иштердин бири деп эсептейт.

"Кайсы бир кыз интернеттен же залдан көрүп, "мен да жакшынакаймын, кийинки жылы конкурска сөзсүз катышам" деп ойлосо мен үчүн чоң жеңиш деп эсептейм. Же болбосо өзүнө, анын кайталангыс адам экендигине ишенсе да сонун болмок. Анда эле менин жеңишим болду деп билем. Башымдан көптү өткөрдүм, учурду, азыркы көз ирмемдерди, чыныгы нерселерди баалай билгенди үйрөндүм. Эгер билсеңиздер, сулуулук деген ар кыл, ар кандай болот. Анын чеги же кандайдыр бир салып койгон формасы жок. Адамдарды өзүн жакшы көрүп жана өзүнө ишеним жаратышына таасирлентсем дейм", — деп оюн бөлүштү Ангелина.

© Sputnik / Табылды КадырбековАнгелина Гаранина: кайсы бир кыз интернеттен же залдан көрүп, "мен да жакшынакаймын, кийинки жылы конкурска сөзсүз катышам" деп ойлосо мен үчүн чоң жеңиш деп эсептейм.
Быйыл Кыргызстандагы сулуулук сынагына өзгөчө кыз катышат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ангелина Гаранина: кайсы бир кыз интернеттен же залдан көрүп, "мен да жакшынакаймын, кийинки жылы конкурска сөзсүз катышам" деп ойлосо мен үчүн чоң жеңиш деп эсептейм.

"Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү "Дүйнө сулуусу" конкурсуна катышууга укук алат. Андан сырткары, рубин чөгөрүлгөн алтын таажы менен 100 000 сом суммасындагы сыйлык алат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0