Текебаевдин ишин кайра кароо: жаңы күбөлөрдүн аты аталды. Сүрөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун Альфа Телеком компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жаңы жагдайлардын ачылышы менен 29-август күнү үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады.

© Sputnik / Нурис АлымбаевБывший депутат Омурбек Текебаев в Первомайском районном суде Бишкека, где идет пересмотр уголовного дела, связанного с компанией "Альфа Телеком" (торговая марка MegaCom).
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун Альфа Телеком компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады
© Sputnik / Нурис АлымбаевБывший депутат Омурбек Текебаев в Первомайском районном суде Бишкека, где идет пересмотр уголовного дела, связанного с компанией "Альфа Телеком" (торговая марка MegaCom).
Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты
© Sputnik / Нурис АлымбаевБывший депутат Омурбек Текебаев у здания Первомайского районного суда Бишкека, где начнется пересмотр уголовного дела, связанного с компанией "Альфа Телеком" (торговая марка MegaCom).
Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи.
1/3
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады
2/3
Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты
3/3
Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга иште жаңы жагдайлардын ачылышы себеп болгон.

Насилие в Пекине - Sputnik Кыргызстан
"Үй камагы" деген эмне? Кыргызстандагы бөгөт коюу чараларынын түрү
Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты. Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова суракка жаңы күбөлөрдү чакырганын айтып, алардын атын-жөнү менен 2010-жылы иштеп турган кызматтарын тизмектеди:

  • Сүйүнбек Касмамбетов — ЖК аппаратынын жетекчиси;
  • Эмилбек Каптагаев — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси;
  • М.Келгенбаев — элдик дружинанын өкүлү;
  • С.Бакытаев — ЖКнын жалпы бөлүмүнүн башчысы;
  • С.Нышанов — "БНК" сырттан дайындалган башкаруучу;
  • Сагынбек Абдрахманов — Чүй облусунун губернатору;
  • Тайырбек Сарпашев — конституциялык кеңештин мүчөсү;
  • Иса Өмүркулов — Бишкек шаарынын мэри;
  • Нурханбек Момуналиев — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары;
  • Чыныбай Турсунбеков — саясий ишмер;
  • М.Укушев — аппарат кызматкери.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жаңы жагдайлардын ачылышы менен 29-август күнү үй камагына чыгарылган. Жогорку сот ишти кайра биринчи инстанциянын кароосуна жөнөткөн.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0