Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким
Президент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Украинанын башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөр оң натыйжа берип жатканына ынанган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылар ишемби күнү өткөн сүйлөшүүдө камактагы жарандарды алмашуу жараянын жакшы жышаан катары баалашты. Муну менен эки тараптуу мамилени чыңдоого чоң кадам ташталганын белгилешкен.

Саммит Украина-ЕС в Киеве - Sputnik Кыргызстан
"Келиңиз, сүйлөшөлү". Зеленский Путинди расмий түрдө жолугушууга чакырган видео
Мындан сырткары, Путин менен Зеленский Украинанын ичиндеги жаңжалды жөнгө салууну талкуулашты. Тагыраак айтканда, кагылышууларды токтотуу режимин сактоо негизги маселе катары каралган.

Сүйлөшүүнүн соңунда Россия менен Украинанын башчылары мындан ары да байланышып турууга макулдашышты.

Ушуну менен алар үчүнчү ирет телефон аркылуу сүйлөшүштү, бирок расмий түрдө жолугуша элек.

Белгилей кетсек, кармалган жарандар менен бирге терроризм боюнча соттолгон Олег Сенцов жана Россиянын чек ара мыйзамын бузган украиналык 24 аскер өз мекенине жөнөтүлгөн.

Ал эми РИА Новости порталынын жетекчиси Кирилл Вышинский Украинадан соттун чечими менен бошотулуп, Россияга кайтып келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0