Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
9-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 9-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Таласта +11…+16, Нарында +16…+21, Ысык-Көлдө +17…+22, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +18…+23 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүн табы борбор калаада +15…+17 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +20…+22 градуска жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0