Тушоону кимдер кантип кесет. Эзелкини эске салган видео

Жазылуу
Тушоо кесүү — кыргыздын илгертен келе жаткан каадаларынын бири. Бул жөрөлгөнү айрыкча кичинекей кыздар-балдар чыдамсыздык менен күтөт. Анткени алар үчүн атайын жарыш уюштурулуп, белектер берилет. Бирок бул салттын түпкү маңызы башка.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу менен биргеликте атайын Көк-Жайык жайлоосунда тушоо тойду тартып келди. Видеону көргөндө кудум илгерки жашоого барып келгендей боло түшөсүң.

Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда "мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун" деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган. Айрымдар жөн гана ырымдап койсо, кээ бири көп адам чакырып той өткөрөт.

Алгач тушоосу кесилип жаткан ымыркайдын бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн деле жасашкан. Жашоодо ак менен кара, кубаныч менен кайгы, күн менен түн бирге жүрөт, ошонун баарына бала чыдап, сабырдуу болуп жашашы үчүн жип кара менен ак жүндөн эшилип жасалган.

Национальное блюдо Казы-карта - Sputnik Кыргызстан
Тердетмей, ысырыктоо, карчыга тартуу. Жети дубандын куда тосуудагы өзгөчөлүгү
Тушоосу кесилчү баланы таза, жарашыктуу кийинтип, марадан 10-15 метр алыстыкта бир колунан чоң апасы, бир колунан таенеси кармап турат. Улуулар тегерете туруп, көбүнесе бул тойдо балдар-кыздар чуркаган. Алдыда келгени атайын даярдалган бычак же маки менен наристенин бутундагы ала жипти кесип, экинчи келген бала менен чүрпөнү "сен да биздей жүгүрүп жүр!" деп тай-тайлап жетелешет.

Буга чейин белектердин ордуна балдарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.

Этнограф Айымкан Жаманкулованын айтымында, негизи тушоо кесүүдө айрым гана учурда боз уландар чуркабаса, илгери азыркыдай келин-кемпирден тарта карыган абышкага чейин чуркаткан эмес. Ар биринин өз орду болгон. Ырымды жасабай коюу баланын тагдырына таасир тийгизбейт, бирок элден бата алып коюу оң дешкен.

Баланын тушоосу кесилген соң кыз болсо чоң энеси, эркек болсо чоң атасы элден бата сурайт. Батаны баланын тай жагы эмес, өзүнүн чоң аталары же айылдагы ардактуу, каадалуу, наркты билген айыл аксакалдары берген.

Андан соң той уланып келген конокторго дасторкон жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0