Күн ысык болобу? Жайдын акыркы аптасына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБакта сейилдеп жүргөн шаар тургундары. Архив
Бакта сейилдеп жүргөн шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча жума аягында абанын температурасы төмөндөйт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык бул аптада өлкө боюнча күн жылуу болот.

26-августта жана 27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 27-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот.

Последствия схода сели сели в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада кайрадан сел жүрүп, 50 үйдү каптады. Жеринен тартылган видео
28-августта түнкүсүн жамгыр жаабайт, бирок күндүз жана 29-30-август күндөрү кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаай турганы айтылат. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

31-августта кээ бир райондордо өткүн өтөт. Күздүн алгачкы күнү, 1-сентябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Кыргызстандын туристтик аймагы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 26-27-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 27-августта күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ал эми 28-30-августта күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Синоптиктер Бишкек, Ош шаарларында жума ичинде күн ачык болорун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0