Видеону Triton Submarines компаниясы жүктөдү.
Кадрларда кораблдин тышы канчалык жарактан чыкканы көрүнгөн. Бөтөнчө оң жактагы офицер отурган жер жүрөктүн үшүн алары айтылат.
Бул экспедицияга окумуштуулар, тарыхчылар жана дайверлер катышып, сегиз күн иш алып барышкан. Адистер кораблди көрүү үчүн акыркы ирет океан түбүнө 14 жыл мурда түшүшкөн.
Алар жыл өткөн сайын "Титаник" сынынан кете берерин белгилешкен.