БИШКЕК, 20-август — Sputnik. 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.
Күндүн табы Ысык-Көлдө +18…+23, Нарында +20…+25, Таласта +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болуп, температура +34…+36 градуска чейин жетет.
Ал эми Чолпон-Атада шаарында +20…+22 градуска жетип, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.