Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда

Жазылуу
Баракчада алты гана сүрөт жүктөлгөнүнө карабастан катталуучулардын саны 77 миңге жакындаган. Арасында бул баракчага кантип катталып калганына түшүнбөй тургандар да бар.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Instagram тармагында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди колдогон баракча пайда болду.

Аккаунт качан ачылганы белгисиз, бирок биринчи пост ушул жылдын 16-августунда болжол менен саат 21:00дө жүктөлгөн. Жалпысынан алты гана сүрөт жүктөлгөнүнө карабастан катталуучулардын саны 77 миңге жакындайт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от За Кашкара Жунушалиева (@za_zhunushalieva)

Сүрөттөрдүн астына көптөгөн адамдар баракчага кантип жазылып калгандыгына түшүнбөй жаткандыгын жазышууда. Айрымдар бул аккаунт мурда кийим сатканын айтып жатышат. Баракчадан чыгып кеткендер да бар.

© скриншот со страницы InstagramКомментарии на странице Instagram в поддержку главы МВД Кашкара Джунушалиева
Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда - Sputnik Кыргызстан
Комментарии на странице Instagram в поддержку главы МВД Кашкара Джунушалиева

Ошондой эле кээ бир катталуучулар Жунушалиевди сындаса, айрымдары кызматтан кеткен мурдагы ИИМ орун басары Курсан Асановду колдогон.

© скриншот со страницы InstagramКомментарии на странице Instagram в поддержку главы МВД Кашкара Джунушалиева
Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда - Sputnik Кыргызстан
Комментарии на странице Instagram в поддержку главы МВД Кашкара Джунушалиева

Азырынча ким жана кандай максатта аккаунтту ачканы белгисиз. ИИМ бул боюнча үн ката элек.

ИИМ тегерегиндеги чуу

Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Жолдубаева чуу жараткан баштык боюнча маалымат берди
Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо процессинен кийин 13-августта Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган. Ошондой эле ИИМ ага кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен деп кине койгон. Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси — "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

15-августта Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Асановдун үйүн тинтип, 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кеткени белгилүү болгон.

Асановдун адвокаты тергөө ачык-айкын болушу үчүн президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматтан четтетип турууну суранган.

Жаңылыктар түрмөгү
0