БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда 9-августка караган түнү "Ала-Тоо" аянтында тартылган сүрөт катуу талкууга алынды.
Ала-Тоо аянттында уктаган спецназдар.
— Dastan (@Umotbaiuulu) 8 августа 2019 г.
Сүрөт: Балбак Түлөбаев. #бишкек pic.twitter.com/vOOm5OiGC0
Сүрөткө укук коргоо органдарынын он чакты кызматкери тартылган. Алар борбордук аянттагы фонтанды тегеректеп жатышат.
Эске салсак, 9-августка караган түнү Атамбаевдин тарапташтары Бишкектин көчөлөрүнө чыгышкан. Миңге чукул кыжырланган жаран башаламандык кылууга аракет кылган. Күч органдары аларды кууп таратып, эртең мененкиге чейин шаарды кайтарып чыкты.