Пентагон: "Ислам мамлекети" Сирия менен Ирактагы күчүн калыбына келтирүүдө

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүПентагон в Арлингтоне
Пентагон в Арлингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук уюмдун аталган мамлекеттердеги аскерлеринин саны 18 миңге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу акыркы кездери Сирия менен Ирактагы көмүскө жоокерлерин күчтөндүрүп, көбөйтүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Бул мамлекеттердеги "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери талкаланып жок кылынганын АКШ президенти Дональд Трамп бир нече жолу айткан. Террордук уюм күчтөнүп жатканы боюнча АКШнын Коргоо министрлигинин башкы инспектору Гленн Файндын докладында да белгиленген.

"Квартал ичинде (2019-жылдын апрелинен июль айына дейре) "Ислам мамлекети" Сириядагы ээлеген аймактарын сактап калуу тактикасынан жаңы жерлерди кайта басып алуу аракеттерине өттү. Иракта көтөрүлүш чыгаруу мүмкүнчүлүгүн да жогорулатты. Террордук уюм адам өлтүрүү, жанкечтилерди жардыруу, адам уурдоо жана Ирак менен Сириядагы айыл чарба жерлерин өрттөө менен алектенип келген. Алар Сирияда өзүнүн топторун түзүп, Иракта жамааттарын негиздөөгө жетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган мамлекеттердеги аскерлеринин саны 18 миңге жетиши мүмкүн. Пентагондун айтымында, "Ислам мамлекети" террордук тобу каржы булактарын да калыбына келтирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0