00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бали! Кыргызстандык балбан Калмира дүйнө чемпионатынан күмүш алды. Видеолору

© Photo / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanОбладательница серебряной медали среди юниоров по женской борьбе Калмира Билимбек кызы
Обладательница серебряной медали среди юниоров по женской борьбе Калмира Билимбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалыматына ылайык, Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы финалга чыккан.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Бириккен күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында айтылат. 

Ага ылайык, балбан кыз 53 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан беш кармаш өткөргөн. UWW cайтында анын бардык беттештеринин видеосу жүктөлгөн.

Алгач Билимбек кызы 1/16 финалда азербайжандык Элнура Маммадованы 9:5 упай эсебинде уткан.

Кийинки 1/8 финалда даниялык Мария Виллумсенди мөөнөтүнөн эрте жеңген. Тагыраагы, атаандашынын далысын килемге тийгизген.

Ал эми 1/4 финалда белоруссиялык Алеся Гетманованы 9:1 эсебинде жер караткан.

Жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны мөөнөтүнөн мурда уткан. Каршылашынын далысын жерге тийгизип, финалга чыккан кыргызстандык балбан кыздын сүйүнүчтөн көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.

Ал эми финалда кытайлык Жоажинг Ши менен кез келип, 0:4 эсебинде жеңилип калган. Натыйжада күмүш медалга ээ болгон.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаевдин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришинче, Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы финалга чыгып, ал дагы экинчи орунду алган.

Дүйнө биринчилиги 29-июлда Болгариянын София шаарында башталган. Ал 4-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын жалпысынан 25 балбан коргойт. Алардын сегизи кыздар. Спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0