БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ош шаарында билим берүүгө кайдыгер мамиле жасаган педагогдорго чара көрүлөт. Бул туурасында мэриянын коллегиялык жыйынында вице-мэр Нурбек Кадыров билдирди.
Маалыматка ылайык, калаадагы мектептердин жана бала бакчалардын ишмердүүлүгүн атайын комиссия текшерип чыкканда билим сапатын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жасалбаганы аныкталган.
"Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде жана бала бакчаларда сапаттуу билим берүү үчүн тиешелүү шарт түзүп бере алган эмес. 2019-2020-окуу жылында көптөн бери бир кызматта отурган директорлорду ротациялоо жана мыкты иштеген орун басарларды жетекчиликке дайындоо сунушу киргизилет. Ошондой эле окуучулардын билим деңгээлинин төмөдөшүнө таасирин тийгизип, чабал иштеп жаткан жетекчилерге иштен кетирүүгө чейинки чаралар колдонулат", — деп айткан вице-мэр.
Жергиликтүү бюджеттен шаардагы мектептерди оңдоп-түзөөгө быйыл 10 миллион сом, бала бакчаларга 9 миллион 915 миң сом бөлүнгөн. Ал эми республикалык бюджеттен 4 миллион 170 миң сом каралат.