Текебаев менен Чотоновдун иши августта карала турган болду

© Sputnik / Расул УсеналиевСот залындагы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов. Архив
Сот залындагы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку сот жаңы жагдайлар боюнча Текебаев менен Чотоновдун ишин карады.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карады. Сот коллегиясы иштин көлөмү чоң болгондуктан аны карап чыгууга убакыт керектигин айтып, кийинки отурумду 21-августка жылдырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, сот негизги жүйөө катары иштин көлөмдүү экенин айткан.

"Алар ишти ийне-жибине чейин иликтегенге убакыт керектигин айтты", — деди ал.

Сот жыйынына Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары келди. Атап айтканда, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева жана башкалар келди. Ошондой эле Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева да болду. Сот залына журналисттер киргизилген жок.

Текебаевдин иши

Экс-депутат ЖК Омурбек Текебаев на похоронах своей тещи в селе Таш-Добо - Sputnik Кыргызстан
Текебаев камактан чыгып келип, кайненесине топурак салды. Сүрөт
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0