00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бир да техника колдонулган жок. Баткендин Зардалысына барчу жолго көпүрө курулду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОткрытие моста через реку в Зардалы
Открытие моста через реку в Зардалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин беш ирет курулган көпүрө суунун агымы көбөйгөн мезгилде сынып, жараксыз абалга келген. Учурда эми алтынчы көпүрө пайдаланууга берилди.

ОШ, 16-июл. – Sputnik. Баткен районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен башталган көпүрөнү куруп бүтүрүштү. Бул тууралуу Зардалы айылынын тургуну Ураим Дилшатов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Кожешкен дарыясындагы суунун агымы күч болгондуктан, буга чейин салынган 5 көпүрөнү алып кеткен. Ошол себептен 2016-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен көпүрө куруу демилгесин колго алып, ага жергиликтүү тургун Ураим Дилшатов жетекчилик кылган.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБаткен районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен башталган көпүрөнү куруп бүтүрүштү.
Баткен районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен башталган көпүрөнү куруп бүтүрүштү. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Баткен районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен башталган көпүрөнү куруп бүтүрүштү.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМаалыматка ылайык, Кожешкен дарыясындагы суунун агымы күч болгондуктан, буга чейин салынган 5 көпүрөнү алып кеткен.
Маалыматка ылайык, Кожешкен дарыясындагы суунун агымы күч болгондуктан, буга чейин салынган 5 көпүрөнү алып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматка ылайык, Кожешкен дарыясындагы суунун агымы күч болгондуктан, буга чейин салынган 5 көпүрөнү алып кеткен.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОшол себептен 2016-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен көпүрө куруу демилгесин колго алып, ага жергиликтүү тургун Ураим Дилшатов жетекчилик кылган.
Ошол себептен 2016-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен көпүрө куруу демилгесин колго алып, ага жергиликтүү тургун Ураим Дилшатов жетекчилик кылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ошол себептен 2016-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен көпүрө куруу демилгесин колго алып, ага жергиликтүү тургун Ураим Дилшатов жетекчилик кылган.
1/3
Баткен районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен башталган көпүрөнү куруп бүтүрүштү.
2/3
Маалыматка ылайык, Кожешкен дарыясындагы суунун агымы күч болгондуктан, буга чейин салынган 5 көпүрөнү алып кеткен.
3/3
Ошол себептен 2016-жылы жергиликтүү тургундар ашар жолу менен көпүрө куруу демилгесин колго алып, ага жергиликтүү тургун Ураим Дилшатов жетекчилик кылган.

Өкмөт тарабынан 1,5 млн. сомдук курулуш материалдары берилген.

Кара-Бак айылынын тургуну Абдулашив Мусаевдин айтымында, Бишкек, Москва шаарларында жана Америка, Египет, Бириккен Араб Эмирлигинде, Түркияда иштеп жүргөн баткендик жигиттер көпүрөнүн курулуш иштерине акчалай колдоо көрсөткөн.

Калган жумуштарды эл ашар ыкмасында баштап, узундугу 12 метр болгон көпүрө пайдаланууга берилди.

Агымы күч дарыянын үстүнө көпүрө салуу оңойго турбагандыгына токтолгон жергиликтүү жашоочу Ураим Дилшатов кууш жерге техника да келе албастыгын билдирди.

"Цемент жана башка курулуш материалдарын эшек менен, же болбосо колго көтөрүп ташып жаттык. Ишке катуу киришип, күн сайын 50-60 жергиликтүү тургун таң заардан түн киргенге дейре ынтымак менен иштеп жатышты", — дейт Дилшатов.

Кылдаттык менен темирлерди кураштырып дарыянын аркы жээгине кошкон жергиликтүү уста Ураим Саркаровдун эмгеги бааланып, анын аты көпүрөгө ыйгарылды.

"Архитектуранын чиймеси, долбоору жок туруп көпүрө салуу - бул жомок. Тагыраагы, муну жергиликтүү жигиттердин таланты десек болот", — дейт Зардалы айылынын тургуну Алишер Жээнбеков.

Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар - Sputnik Кыргызстан
Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар
Зардалы айылына эки гана жол менен барууга болот. Бийик ашуу аркылуу автоунаа менен жай айларында гана каттоого мүмкүн.

Аска-таштардын арасынан дарыяны бойлой жөө баруучу чыйыр жол гана жергиликтүүлөрдү сырткы дүйнө менен байланыштырып турат. Ал эми көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары калктын ары-бери каттоосун чектеген учурлар кадимки көрүнүш.

Зардалы айылына жашоочулар мындан 470 жыл мурда отурукташа баштаган. Ал айылдагы элдин кийинки тукумдары азыркы Кара-Бак айылына отурукташып, бирок дагы деле ата конуштарын таштабай келишет.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан Баткендин Зардалы айылындагы темир уста Токтоназар Исаев жөнүндө материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0