Ысык-Көлдө BMW кишини койдуруп, андан соң аласалып кеткен

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
BMW-525 автокөлүгүнүн айдоочусу менен жанындагы кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында BMW-525 автоунаасы коюп кеткен 18 жаштагы улан ошол жерден мүрт кетти. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Кырсык бүгүн, 13-июлда, болжол менен түшкү саат үчтөр чамасында Балыкчы — Каракол жолунун 84 чакырымында болгон.

"Улан ошол жерден көз жумган. BMW-525 автокөлүгүн 28 жаштагы жаран айдап бара жаткан, анын жанында 27 жаштагы кыз болгон. Экөө тең жаракат алып, ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Автокөлүк айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0