БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Түркияда 23 жаштагы кыргызстандык ок жеп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү Haberler басылмасы жазды.
Окуя Аланья шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандык жаран 40 жаштагы киши менен уруша кеткен. Экөө мушташканга чейин жетип, аягында ал кыргызстандыкка ок чыгарган.
"Аткан киши окуя болгон жерден качып кетип, бирок коңшу райондон кармалды. Ал эми жаңжал чыккан жерге келген дарыгерлер жаш жигиттин өлүмүн каттоого алышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу кийинчерээк кабар берерин билдирди.