00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Почему конфликт на Украине затянулся - и с чего он начался: беседа с политологом из Крыма
14:04
55 мин
Особый акцент
Почему конфликт на Украине затянулся - и с чего он начался: беседа с политологом из Крыма
15:00
0 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Успеть поступить в ВУЗы России, подав заявку прямо сейчас. О квотах на обучение в РФ
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Диний чөйрөнү иретке келтирүү: мыйзамдын маңызы жана практикалык колдонулушу
09:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как работает НЦОМиД на фоне текущих вирусов, и почему младенческая смертность в КР остается высокой
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жеңил өнөр жайдагы кыйынчылыктар: Россия рыногуна мыйзамдуу экспорттоо маселелери
11:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жумабеков: Матраимовдордун үй-бүлөсүнө айтылган алкышка суктангам

© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер кийин Матраимовдор күнөөлүү деп табылып калса, төрага Жумабеков айткан ар бир сөзүнө жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Матраимовдордун үй-бүлөсүнө айтылган алкышка суктанарын айтты. Ал мындай пикирин 6-чакырылыштагы парламенттин 5-сессиясынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Жумабеков журналисттердин "эгер Матраимовдор кийин күнөөлүү деп табылып калса моралдык жоопкерчиликти сезесизби?" деген суроосуна жооп берди.

"Мен таза иштесем, мамлекет үчүн иштесем эч нерседен коркпошум керек. Ошого эрким жеткени үчүн төрагалыкка келдим", — деди ал.

Жумабеков ошондой эле, айткан сөздөрүнө жооп берерин, сот, укук коргоо органдары кылмыш болгонун далилдесе моралдык жоопкерчиликти алууга даяр экенин белгиледи.

Төрага ошондой эле бир тууган Матраимовдор 1-майда Кара-Суу районунда өткөргөн спорттук мелдешке депутат Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганына токтолду.

Матраимовдордун турнирине эмнеге бардыңыз? Бороновдун жооп бербей качкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Матраимовдордун турнирине эмнеге бардыңыз? Бороновдун жообу видеодо
"Мен ал жакка Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. Бул иш-чарага эки жылдан бери катышып келем. Ал жерде 40 миңге жакын эл кол чаап, үй-бүлөсүнө (Матраимовдордун — ред.) алкыш айтып жатканына суктангам. Алар каражатты кайдан таап жатканын изилдегенге кызыкдар эмесмин", — деди спикер.

Белгилей кетсек, Матраимовдор 1-май күнү Кара-Суу районунда Жеңиш күнүнө жана атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап волейбол жана мини футбол боюнча турнир өткөргөн. Ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана төрага Дастан Жумабеков баш болгон депутаттардын жоон тобу катышкан. Айрым депутаттардын Райым Матраимов менен катарлаш отурган сүрөтү да тараган. Райондук бир иш-чарага бийлик төбөлдөрүнүн жоон тобунун барышы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, түрдүү нааразычылыктарды жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0