Дүйнө элдеринин эпостору даңазаланат! Бишкектеги ири фестиваль

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропортто конок тозуп жаткан кыздар. Архив
Аэропортто конок тозуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сыяктуу сынактар өтөт.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы 27-июнда башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага КМШ, Балтия жана Грузиядан 60тан ашуун окумуштуу менен илимпоздор катышат.

"Фестивалдын коноктору иш-чаранын илимий-практикалык жана маданий бөлүгүнө күбө боло алышат. Анын алкагында этникалык мурасты сактоо жана жайылтуу маселелерине арналган симпозиум өтөт. Ал эми маданий программада көчмөндөр кийимдеринин көргөзмөсү, уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин жарманкесин уюштуруу каралууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сыяктуу сынактар өтөрү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0